-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Ысык-Көлдө сабалган эс алуучулар боюнча териштирүү башталды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Ысык-Көлдө сабалган эс алуучулар боюнча сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин “Ээнбаштык” деген 266-беренесинин негизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу 23-августта “Азаттык” радиосуна облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, окуя 22-августта болгон. Милицияга Чүйдүн Ысык-Ата районунан барган 19 жаштагы эс алуучу кайрылган. Ал Бостери айылындагы “Алтын кум” пансионатынын аймагындагы кафелердин биринен чыкканда бир топ бала аны жана жолдошторун сабап кеткенин айтып берген.

“Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары алты бала аныкталган. Алар Бостери айылынын тургуну болуп чыкты. Алгачкы сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алышты”.

Жабыркаган эс алуучунун алган жараатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлмөй болду.

Жайкысын Ысык-Көл турист эң көп каттаган аймакка айланат. Кыргызстандан гана эмес, чет өлкөлөрдөн да эс алуучулар көп болот. 2020-жылы пандемиядан улам көлгө каттагандар өтө аз болгон. Быйыл туристтик сезон кадимкидей уланууда. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь