-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Темир Сариевдин тарапташтары президентке кайрылуу жолдошту

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Н. Жапаровго

Кайрылуу

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Темир
Аргембаевич Сариевдин кармалышы боюнча сизге кайрылып жатабыз. Биз, Сокулук
районунун тургундары, жалпы коомчулук сыяктуу эле, Темир Аргембаевичке Кумтөр
боюнча козголгон кылмыш ишин объективдүү кароого кызыкдарбыз. Темир Сариев
тергөөдө алардын бардык суроолоруна жооп бергенине карабай, күтүлбөгөн жерден
айыпталуучунун статусуна которулуп, камакка алынды. Бул чечим бизди өтө
тынчсыздандырып жатат.

Биз
камакка алууга эч кандай негиз жок экенине ишенебиз, муну дароо эле дасыккан
юристтер, коомдук ишмерлер жана тоо кен тармагында чоң тажрыйбасы бар адистер
айтып чыгышты.

Негизи,
Темир Сариевге коюлган айыпты баса белгилөө керек, Мамлекеттик комиссиянын
регламентине ылайык, Темир Сариев өз алдынча эч кандай чечим кабыл ала албайт
жана бардык чечимдер жамааттык түрдө кабыл алынып, түзүлгөн комиссиянын отчету
КР Жогорку Кеңешинде каралып, бир добуштан жактырылган. Мында экологиялык
зыянды аныктоо айлана – чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын компетенциясына кирген. Башкача айтканда, Темир Сариев экологиялык
зыяндын суммасын өз алдынча аныктай алган эмес жана аныктаган эмес. Ошентип,
ага коюлган айыптар негизсиз деп түшүнөбүз.

Тергөө
дагы, сот дагы белгисиз себептерден улам Темир Сариевдин эч качан жашынбаганын,
ар дайым кеңири маалымат берип, тергөөгө тоскоол болбогонун эске алган жок деп
эсептейбиз.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Жогоруда
келтирилген аргументтерге байланыштуу жана адилеттүүлүктү орнотуу кызыкчылыгы
үчүн тергөөнүн жүрүшүнө көңүл бурууну, ошондой эле кыргыз элинин чыгаан уулу Темир
Сариевге карата баш коргоо чарасын эркиндигинен ажыратууга байланышпаган башка
чарага өзгөртүүгө көмөктөшүүңүздү суранабыз.

Урматтоо
менен,

Сокулук районунун  тургандары.

Белгилей кетсек, бүгүн Сокулук районунун тургундары “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү камтылган кайрылууну Сокулук районунун акимине тапшырышты. Алар президенттин өкүлү катары акимден бул кайрылууну президентке жеткирүүнү жана Сариевге байланыштуу иш адилет каралуусун суранышты.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь