0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

«Талибан» өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Талибдердин анабашчылары жаңы өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктоого киришип, бул боюнча тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганы кабарланды.

Азырынча “Талибан” кыймылынын жаңыдан түзө турган өкмөтү эмне деп аталары, жалпы табияты, башкаруу тутуму кандай болору тууралуу маалымат жок. Ошол эле кезде талибдердин лидерлери буга чейин бийликти жалгыз өзү басып албай, инклюзивдүү өкмөт түзүүгө кызыкдар экенин жарыялаган болчу. Азыркы учурда анын курамына кайсы күчтөрдүн өкүлдөрү кирери белгисиз.

Бирок Кабулду басып алып, бүтүндөй өлкөгө көзөмөл орнотконун жарыялаганы менен “Талибан” анын бийлигин тааныбай турганын жарыялаган түндүк аймактардын каршылыгына дуушар болду.

“Талибанга” каршылык көрсөтүү кыймылын Панжшер өрөөнүнөн чыккан аскер кол башчысы маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жетектейт. Ага Ооганстандын биринчи вице-президент Амрулла Салих менен маршал Абдул Рашид Дустумдун тарапташтары келип кошулганы кабарланган.

Талибдерге баш ийбей, Ооганстандагы тажик жана өзбек тектүү кошуундардын башын бириктирген “Түндүк альянсты” жетектеп келген Шах Масуд “Панжшердин арстаны” деген атакка ээ болгон. Анын кошуундарынын мизин кезинде советтик аскерлер дагы майтара албаганы аңыз болуп калган.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь