-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Киевде “Крым платформасы” саммити башталды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Киевде 23-августта Украинанын эгемендигинин 30 жылдыгына карата мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоого арналган “Крым платформасы” эл аралык форуму ачылды.

Анда украин бийлиги Орусия тарабынан 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралын кайтарып алуунун жолдорун талкуулай турганы белгиленди.

Украинадан сырткары бул эл аралык конференцияга АКШ, Евробиримдик, Улуу Британия, Грузия, Түркия, Австралия, Жаңы Зеландия, Жапония жана Канада баш болгон 45 мамлекеттен өкмөттүк делегациялар келди. Алардын арасында тогуз президент, төрт премьер-министр, 14 тышкы иштер министри жана калганы элчилердин деңгээлинде катышууда.

Киевдеги бул эл аралык форумда Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын гуманитардык жана коопсуздук маселелери боюнча негизги көйгөйлөрүнүн айланасында кызуу талкуулар жүрдү.

Орусия бул саммиттин өтүшүнө каршылыгын билдирген. Москвада бул иш-чараны «оюн-зоок» катары баалап, айрым катышуучу өкмөттүк делегацияларды мунун кесепеттерин айтып, коркутканы белгилүү болду.

Форум башталганга чейин Орусиянын бийлиги Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Даниловго санкция киргизди.

Украин президенти Владимир Зеленский 2020-жылы сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында Крымды, Азов жана Кара деңизди орусиялык оккупциядан бошотууну колдогон өлкөлөрдүн коалициясын түзүү үчүн “Крым платформасын” сунуштаган. Азырынча бул демилгеге Орусиянын баскынчылыгын айыптаган БУУнун 2014-жылдагы резолюциясын колдогон мамлекеттердин жарымы кошулду.

Киев “Крым платформасы” жарым аралды Украинага кайтарууга өбөлгө түзө турган туруктуу аянтча болорун көздөйт.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь