-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

А.Бекматов: Жаңы шайлоо мыйзамы боюнча шайлоо округдары кайсы принциптердин негизинде түзүлөт

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

КР БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов алдыдагы парламенттик шайлоодо шайлоо округдары кандай түзүлөрү жөнүндө түшүндүрмө
берди.

Кабыл алынган Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык
мыйзамга ылайык депутаттар аралаш тутум боюнча шайланат.

Саясий партиялардын катышуусу
менен пропорциялык тутум боюнча шайлоо биринчи принцип болуп саналат, ал боюнча
90 депутаттын 54 депутаты пропорциялык тутум боюнча шайланат.

36 депутат бир мандаттуу шайлоо
округдары боюнча б.а. мажоритардык тутум боюнча шайланат.

 Республиканын аймагында жана чет өлкөлөрдө
жашаган жарандардын бириккен тизмеси пропорциялык тутум боюнча шайлоодо
бирдиктүү округда түзүлөт.

Шайлоо округдары кайсы принциптердин негизинде
түзүлөт?

Шайлоо округдарында
шайлоочулардын санынын болжолдуу бирдейлиги башкы принцип болуп саналат.

Шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн
орточо ченеминен, эреже катары, 20 пайыздан ашпаган орточо ченеминен четтөөгө
жол берилет.

Экинчи принцип – бул администрациялык-аймактык
бөлүнүштү сактоо зарылдыгы.  Кошуна калктуу
конуштардын округунда бир округду түзүүгө жол берилбейт б.а. ал округ анклав болуп калбоого тийиш.

Бүтүндөй алганда округдарга бөлүү
шайлоочулардын санына жараша жүргүзүлөт. Бишкекте 4 округ жана 400 000ден ашык шайлоочу.
Чүй облусунда 6 округ жана 600 000ден ашык шайлоочу.

Ысык-Көл облусунда 3 округ
жана
317 000 шайлоочу. Нарын облусунда 2 округда 208 000 шайлоочу.Талас облусунда 2 округда 162 000 шайлоочу.

Баткен облусунда 3 округ жана 305 000 шайлоочу. Ош
шаарында 152 миң шайлоочу, Ош облусу менен бирге 9
мандатты түзөт.

Ошентип, 36 округ түзүлөт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь