-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

 Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына катышат (видео)

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Токиодогу жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медал алган Айсулуу Тыныбекова мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи учурунда сүйлөп жатып, Парижде өтө турган кийинки Олимпиада оюндарына катышуу ниетин билдирди.

“Күмүш медалымды мамлекетибиздин эгемендигинин отуз жылдыгына арнаймын. Буюрса ден-соолук болсо, келе жаткан Париждеги Олимпиада оюндарына катышам”- деди Айсулуу Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова 7-августта маалымат жыйынында «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып кийинки Олимп оюндарына катышары али белгисиз экенин билдирген эле.

23-сентябрда президент Садыр Жапаров Токиодо өткөн XXXII олимпиада оюндарында медал алган спортчуларды жана машыктыруучуларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени менен 10 млн. сом, Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланды. Кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медал ээси Айсулуу Тыныбековага II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Коло байге алган Мээрим Жуманазаровага III даражадагы «Манас» ордени жана 7 млн. сом, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. (JsA)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь