-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Өзбекстан аркылуу эки миңдей чет элдик Ооганстандан эвакуацияланды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан качкан эки миңдей адам башка өлкөлөргө эвакуация болгонун кабарлады.

Азыркы тапта Өзбекстан Германия, Орусия, АКШ, Швейцария, Австрия, Дания, Польша, Венгрия, Словакия жана Казакстан менен аба майдандарды жана асман коридорлорун орток колдонуп, качкындарды ташуу боюнча кызматташып жатат.

«Чет элдик өнөктөштөр менен Ооганстандын атуулдарын Өзбекстандан транзиттик жол менен алдын ала макулдашылган өлкөлөргө жиберебиз», — деп билдирди өзбек ТИМи.

Кыргызстанда УКМК Ооганстандан качкындар келе электигин 20-августта кабарлаган. Ушул тапта мурда келген 500дөй ооганстандык атуул бар.

19-20-августта Кыргызстандагы ондогон ооган качкындары АКШ элчилигинин имараты менен БУУнун кеңсесинин алдында акция өткөрүшкөн.

Кошмо Штаттар 14-августтан бери 9 миң адамды эвакуациялады. Алардын 3 миңи 19-августта Кабул аэропортунан учуп кетти. НАТО билдиргендей, баарын кошкондо беш күндүн ичинде баш-аягы 18 миңдей киши Ооганстандан чыгарылды.

Дагы 6 миңдей адам учуп кетүүгө даяр турат. Алардын арасында чет өлкөлүк күчтөргө жардам берген котормочулар да бар. (BCh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь