0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

АЛТЫН ЖАЛАТЫЛГАН БАЛА (1-бөлүк)

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

ТАГДЫР ЭРКЕСИ

Бир нече ай мурда биз өзүбүздүн макалабызда Улуттук
банктын башчысы Абдыгуловду алтын бала деп атаганбыз. Анын тышкы көрүнүшү
кынтыксыз: дүйнөнүн ажайып жерлерин кыдырган, АКШда, Японияда, Сингапурда
окуган. Расмий түпдө айына 400 миӊ сом алат, карамагында 700 адам бар.

Авторлор:

Саматбек Ибраев — КР ЖК депутаты,

Бакытбек Турусбеков — КР ЖК депутаты

Абдыгулов ачык чыгып сүйлөө менен Кыргызстандын
финансы системасынын жетишкен ийгиликтери тууралуу айтууда (сиз бул сөздөрдү
бир нече жолу уккансыз): «Өлкөнүн банктары каалаган эл аралык борбордун
иш-милдетине жана мүмкүнчүлүктөрүнө ээ». Сонун угулат.

Абдыгуловдун эбегейсиз байланыштары бар. Эӊ бийик
кабинеттер. Бир сөз менен айтканда жашоосу жакшы.

САН МЕНЕН, БИРОК АКЫЛ МЕНЕН ЭМЕС

Абдыгулов Кыргызстандын банк системасын дүйнөнүн
жетектөөчү финансы борборлору менен салыштырганды жакшы көрөт. Мисал
келтиребиз. Дүйнөлүк лидер – Англиянын банк системасын алабыз.

Англиянын борбордук банкы кыргыз Улуттук банкына
салыштырмалуу элге үч эсе көп иштешет. Ал эми банк активдеринин өлчөмү
кыргыздыкынан 2000 эседен жогору. Кыргызстандын Улуттук банкы 700 эсеге азыраак
натыйжада иштейт (!). Демек, Абдыгулов Кыргызстан менен эл аралык финансы
борборлорун жөн гана бир катарга коюуда – иштөө натыйжалуулугу боюнча
салыштырып болбойт.

КР банк системасынын сандык дагы, сапаттык дагы
мүнөздөмөлөрү көнүл оорутарлык. Мисалы, дүйнөлүк финансы борборлорунда
блокчейн-технологияларынын базасында жасалма интеллекттин негизинде финансы
платформаларын роботтоштуруу, микроскопиялык комиссияларда көз ирмемдик
трансчекаралык төлөмдөр менен, бир саатта он миллиондогон кардардык
транзакцияларды иштеп чыгууда бардык криминалдык төлөмдөрдү автоматтык түрдө
блоктоо менен финтех-компаниялары активдүү иштейт. Кыргызстанда жакшы дегенде
бул жөнүндө эӊ уккансыз.

Спарринг-өнөктөштөрдүн лидерлерин эмес, жөнөкөйүн алаып
карап көрөлү. КР банк системасын экономика чөйрөсүндө постсоветтик мейкиндикте
ийгиликсиздердин бири – Армения менен салыштырабыз. Кыйла бай жана күчтүү
Азербайжан менен аскердик каршылашуунун солгундашы, жөнөкөй табигый ресурстары,
ийгиликсиз рефрмалары – мунун бардыгы Армениянын экономикалык абалына теср
таасирин тийгизди.

Алсак, Армениянын фонунда Кыргызстандын банк системасы
кадыр-барктуу көрүнөбү? Тилекке каршы, жок. Жыйынды банк активдери КР
салыштырмалуу үч эсеге көп, ал эми Армениянын калкы эки эсеге аз. Кыргызстан ал
тургай Армениядан дагы жети эсеге артта калган. Кыйла ийгиликтүү постсоветтик
өлкөлөр алдыга кетишти – биз он эсеге уттуруп жатабыз.

Кыргызстан эмнеси менен кумөнсүз дүйнөлүк лидер – Бул
өлкөнүн Борбордук банкында иштеген калктын үлүшү.

Үкөк оӊой эле ачылат: Абдыгулов көптөгөн бийик
кабинеттерде минималдуу милдеттенмелер менен уулуна, кызына, келинине, күйөө
баласына, аялына, жээнине жакшы айлык акы менен Улуттук банкка орноштурууну
сунуштайт. Ишенбейсизби? Ведомостту жана айлык акыны караӊыз, анда ким
катышарын.

КРИМИНАЛДЫК ФИНТЕХ ДЕГЕН КИМ ЖАНА АНЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНДАН ЧЫГАРЫШ
КЕРЕК

Мурдагы макалаларыбыздын биринде (ссылка)
криминалдык жана легалдуу финтех жөнүндө жазганбыз, өз позициябызды тезис
түрүндө кайталайбыз.

Дүйнөдө бардык
финтех принципиалдуу түрдө ар түрдүү лагерге бөлүндү: криминалдык жана
легалдуу.

Легалдуу
(мыйзамдуу):

  • кардарларды идентификациялайт
    (мыйзамдар боюнча талап кылынган бардык маалыматтарды сурайт жана
    белгилейт);
  • төлөмдөрдүн финансылык
    мониторингин жүргүзөт (криминалдык транзакцияларды блоктойт жана дүйнөлүк
    жана улуттук кара тизмедеги алдамчыларга эсеп ачпайт);
  • блокчейн-технологиясынын базасында
    транзакцияларды ырастайт (кардар жана анын акча каражаттары жөнүндө
    каалаган маалыматты бурмалоого мүмкүн эмес кылат).

Криминалдык финтех, криптовалюта төлөм каражаттары катары
кардарларды идентификациялабайт (жашыруун болуу мүмкүндүгүн берүү менен) жана
криминалдык төлөмдөрдү блоктобойт. Криптовалюта менен буйрутма өлтүрүүлөр,
проституция, мыйзамдуу баӊгизат жүгүртүү,курал ж.б. төлөнөт. Дал ушул
криптовалюта криминалдык финтехти тейлейт.

Бул терс
кесепеттин бардыгы эмес. Леналдуу финансы системасында мыйзам боюнча активдерди
өзү котировкалоо жүргүзүлөт. Бул эмне? Мисалга, эгерде актив ээси аны сатууга
койсо, анда легалдуу финансы системасында ал өзү сатып ала албайт. Укуктук
мейкиндиктен тышкары иштеген финансы уюмдары үчүн мындай чектөөлөр жок.

МИСАЛЫ. Ири
оюнчу рынокко сатуу үчүн 100 биткойнди ар бирин 10 миӊ долларга койду жана ушул
эле жерден аларды 15 миӊге сатып алды. 20 миӊ долларга койду жана өзүнөн өзү 25
миӊге сатып алат. Ошентип, ал криптовалютанын баасын жасалма көтөрүү менен
рынокто толкундоо жаратат.

Бул күчтүү
пиар-колдоо менен коштолот. Жакында «америка долларынын пирамидасынын кыйрашы»
жөнүндө материалдар жарыяланат, криптовалюта менен соода кылган жана миллион
долларларды тапкан «каармандар» жөнүндө кабарланат. Элдер «хайптын алдында» көз
ирмемед баюу үмүтү менен туруктуу өсүп турган криптовалютаны активдүү сатып ала
баштайт. Рынокто жиндилер түгөнгөндө, баалардын өсүүсү токтойт, бул толкунду
уюштурган алдамчылар өзүнүн криптосун максималдуу баада сатат.

Кийинки
этапта ушул эле өзү котировкалоо аркылуу криптонун баасы төмөн түшөт жана бул
жерден дагы алдамчылар актвдүү түрдө арзан сатып алып баштайт. Эксперттердин
баалоосу боюнча ушундай бир операциядан эле шамдагай адамдар үстүбүздөгү жылы
Биткоинден төрт миллион долларга башкаларды отургузушкан.

Кыргызстанда криминалдык финтех менен иш кандай
болуп жатат жана аны ким колдорун ажыратып билүүгө аракет кылабыз?

2020-жылдын
31-декабрында КРУБ расмий сайтында «Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын мыйзам долбоору жайгаштырылган, демилгечиси Улутттук банк.
Биздин шыктуу окурмандар жарыяланган датага көнүл бурат жана талаптагыдай
жыйынтык чыгарат. Бул мыйзам долбоорунда Улуттук банк өлкөдө криптовалюталарды
жүгүртүү үчүн, иш жүзүндө криминалдык финтехти алдыга жылдыруу жана жарандарды
алдоо үчүн күрөшөт.

Мында, криптовалюта
жөнүндө мыйзам Жогорку Кеӊеш тарабынан кабыл алынган жок, ал эми Кыргызстанда
криптовалюта менен соода кылган игтернет-сайттын топтому иштейт: Bit.kg; bironex.com; netex.kg; miningshop.kg жана ар
түрдүү интернет-дүкөндөр. Эмне үчүн Улуттук банк мыйзамсыз иштерге – тиешелүү
мыйзамдар жок болгондо крипто менен соода кылууга бөгөт койбой, булардын ишине
уруксат бергенин билүү кызык? Бул жерде ким үлүштө? Ким аларды коргоодо жана
колдоодо? Ошол адамдардын атын жана фамилиясын билгибиз келет.

РЕСПУБЛИКАЛЫК МАСШТАБДАГЫ ӨА

Бир нече
ай мурда бул макаланын авторлору Улуттук банк криптоалдамчылар аркылуу калктын
акчаларын уурдоо коркунучу жөнүндө эскертишкен. Ошол макаладан цитата
келтиребиз:

«Интернетте
эч ким жөнгө салбаган конторлор, кардарлардын криптовалюталары жана сооданы
уюштуруучулардын өздөрү жок болуп кеткендиги жөнүндө окуялар абдан көп. Чын эле
КРУБ башчысы Абдыгулов Кыргызтсандын жарандары «отуруп калгандардын» катарын
толуктоого тийиш деп чечтиби?

Бул
кырдаалда Улуттук банктын башчысы кандай чара көрдү? Эч кандай. Шалаакылык,
кесипкөйсүздүк, керт башынын кызыкчылыктары? Бул суроого жоопту билбейбиз. Бул
бизди гана ойлондурбаса керек.

Тилекке
каршы, биздики туура чыкты жана мындай нерсе болду. Кыргызстандын рыногунан «ар
түрдүү соода аянттарында критовалютаны инвстициялоо жолу менен аларды жогорку
натыйжада пайдалануу сунушу менен» жеке жактардын каражаттарын тарткан Finiko компаниясы жок болду.

Жазык иши
козголгон күнү Finiko-нун
негиздөөчүлөрү Uniswap биржасы аркылуу криптокапчыктардан каражаттарды активдүү
чыгарып башташты, – деп жазат Forklog порталы. Блокчейн тармагы сканерлегендин
натыйжасында Finiko криптовалюталык капчыктарынын ээлери жарыяланды. Сөз
тиешелүүлүгүнө жараша 750,5, 4716 и 4687,05 биткоинди сактаган капчыктардын үч
дареги тууралу болуп жатат. Материалды жазылып жаткан учурда, капчыктардын
жалпы суммасы $323 млн. ашыкты түздү. Алар өздөрү уурдалган акчаларды алып,
белгисиз багытка жок болушту.

2021-жылдын
10-августунда Кыргызстандын жашоочуларынан Finiko 17,7 млн. сом суммасында уурдаган акчалар
жөнүндө 13 арыз келип түшкөн. Бирок бул крипто-алдамчылардын бардык
катышуучулары алдамчылардын курмандыктары болгондугун билишпейт, ошондуктан
сумма көбөйүп жатат. Андан тышкары, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, жакшы
дегенде 5-10% жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылышат, анткени криптого
көп акча салышат, бул боюнча «крипто-рыноктун» курмандыктары расмий түрдө
өзүнүн кирешелеринин мыйзамдуулугун ырастай алышпайт. Реалдуу жоготуу он эсе
көп болорун болжолдойбуз.

Биз Абдыгуловду Кыргызстанды криминалдык
финтехти өнүктүргөндүгү үчүн куттуктайбыз. Бул маселени жүзөгө ашыруу улана
берсе, анда көрсөтүлгөн факт өлкөнүн калкын тоноодогу майда эпизод бойдон кала
берет.

Биз,
Абдыгулов Кыргызстанга криминалдык финтехке жол ачуу жана легелдуу финтехти
блоктоо менен караны ак, акты кара деп көрсөтөрүнө  ачык мисал келтирдик. Өлкөгө, жарандарга
тоготпогондук менен мамиле кылуу жана калктын сабатсыздыгына үмүт артуу менен
криминалдык системаны өнүктүрүү. Авторлорго Улуттук банктын башчысынын пикирин
алуу, ошондой эле өлкөнүн калкын тоноп кеткендерди колдогондугу үчүн иш жүзүндө
кандай жаза тартарын аныктоо өтө кызык болор эле?

УБАКЫТ ӨТКӨНДӨ ЖАРЫЛУУЧУ МИНА

Банк
системасынын активдеринин чоӊдугу жөнүндө маселе абдан маанилүү. Чакан банк
системасы өсүп жаткан экономиканы тейлей албайт. Финансы рынокторунда
конкреттүү ким иштейт кандай кызмат көрсөтүүлөр жана алар кандай шарттарда
кардарларга берилери зарыл.

Көптөгөн
өлкөлөрдө микрофинансы насыя уюмдары бар. Өнүккөн экономикада алар мүлктүк
күрөөсү жок жана рынокто эми гана иштеп баштаган чакан бизнеске насыя берет.

Мындай
чакан бизнестин ээси насыя инспектору менен жолугушат жана биргеликте
бизнес-планды кылдаттык менен иштеп чыгышат. Мисалы, адам рынокко свитер
сатууну чечти, түйүүчү машинаны жана жүндүн запасын сатып алгысы келди. Насыя
инспектору бул кирешелүү бизнес экенине ишенгенден кийин, микрофинансы насыя
уюму, кадимки банкка караганда бир аз жогору ставка менен насыя берет. Мындай
зайымчылар үчүн насыяны кайтарбоо тобокелдиги мурдараак жана ийгиликтүү иштеген
компанияларга салыштырмалуу жогору.

Кыргызстанда
микрофинансы рыногу башкача уюштурулган. Чакан бизнеске эмес, элге насыя берет.
Болгондо да атомдук пайыз менен. Кайтарбайсыӊбы – мүлкүӊдү бер: мал (үй-бүлөнү
багуучу), турак-жай, эски автоунаа…

Өзгөчө
микрофинансы уюмдарынын саны таӊ калтырат – 134 (!). Бул деген дүйнөлүк рекорд.
Улуттук банк тарабынан бул микрофинансы уюмдарына болуп көрбөгөндөй жеӊилдиктер
берилет. Алардын уставдык капиталы билдирилген иш шарттарына жараша 0,8%дан 8%
чейин өзгөрүлүп турат. Насыя берүү эӊ тобокелдүү банк бизнеси болуп саналат, ал
эми бул жерде чексиз жеӊилдиктер.

Эӊ коркунучтуусу, кедей калк тамакка, арзан кийимге,
дарыланууга, балдарды мектепке даярдоого, үлпөт тойго жана өлүк узатууга акча
алуу менен бул карыз аӊына улам батып бараткандыгы. Абдыгуловчу? Унчукпайт.
Эмнеге? Бул суроого жооп алуу кызык болор эле.

СҮЙҮҮДӨН ЖЕК КӨРҮҮГӨ БИР КАДАМ

Кыргызстанда легалдуу финтех жөнүндө окуя толугу менен
жагымдуу башталды. КР Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов 2021-жылдын
14-апрелинде Улуттук банктын жетекчисинин Жогорку Кеӊештин депутаты Ибарев,
финтех боюнча профессор Фролов, Жогорку Кеӊештин юридикалык бөлүмүнүн эксперти
Бойруков менен жолугушууда өлкөдө финтехти өнүктүрүү жөнүндө демилгени
колдогон. Ал тургай Улуттук банктын сактагычында финтех-компаниялардын алтынын
сактоону сунуштаган. Бир кг алтынды сактоого тариф–жылына 600 сом деп аталган.

Бирок бир аз тынымдан кийин финтех-компаниялары
Улуттук банктан килограмм куйма үчүн 6% комиссия менен сатып алууга тийиш
экендигин байкаган. Айласы кеткен эксперттер мындай комиссиялар дүйнөдө жок, ал
эми Кыргызстандын Улуттук банкында ал 20 эсеге жогору экендигин айтышкан. Жооп
катары Абдыгулов Улуттук банктын сактагычына чейин аны ташууда алтынды уурдоону
жогору камсыздандырууга шылтоологон. Жооп катары аффинаждык заводго чейин 50 км
жана эгерде Кыргызстандын бардык армиясын, бүт атайын кызматты, самолетторду,
вертолеттеорду, танкаларды жана БТРлерди жалдаганда да, бир тонна алтынды ташуу
үчүн $60 млн сарпталат, бул $3,6 млн караганда арзаныраак жана камсыздандырууга
салыштырмалуу ишенимдүү экендиги айтылган.

Мындан кийин Абдыгулов мындай сүйлөшүүлөр кабинетте эмес,
албетте чай же кофе үстүндө жүрөрүн байкаган. Чайга, кофеге чакыруу кабыл
алынган эмес. Тез өтүүчү роман ошентип бүткөн. Демилгечилердин Кыргызстанда
легалдуу финтех-компаниялары өнүктүрүүнү сыпаттаган жолугушуулардан кийин кара
пиардын толкуну, кемсинтүүлөр, алдоо жана Кыргызстандын финансы системасы
коркунучта деген сымал коркутуу менен макалалардын эбегейсиз саны кыйроого
учурады.

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН ФИНТЕХ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 9-февралында КР Президентинин «Финансы
рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралары жөнүндө» Жарлыгы чыккан. Бул
жарлыкта 2021-жылдын 1-июлуна чейин 
«финансы технологиялар чөйрөсүндө (финтех-стартаптарды), анын ичинде
атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында инновацияларды киргизүү жана өнүтүрүү
үчүн жагымдуу ченемдик-укуктук базаны түзүү» милдети коюлган.

Жогорку Кеӊештин 63 депутаты (Парламенттин Мүчөлөрүнүн
жарымынан көбү) 2021-жылдын 14-майында Президенттин Жарлыгын аткаруу максатында
Кыргызстанда финтехти өнүктүрүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелешкен.

Депутататтар Президент тарабынан көрсөтүлгөн датада
мыйзам долбооруна эл аралык ири финансы борборлорунун тажрыйбасын киргизүү
менен өлкөдө легалдуу финтехти өнүктүрүү үчүн укуктук базагы кабыл алууга
мүмкүндүк берүүчү графикти түзүшкөн.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган
милдет көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылган жок жана муну ким кылгандыгын биз
билебиз. Ушул макаланын №2 бөлүгүн окуӊуз.

АЛТЫН ЖАЛАТЫЛГАН БАЛА

КР калкына чоӊ пайыздар менен алтын сатуу. Бүтүндөй
өлкөгө марихуананы легалдаштыруу боюнча демилгеси менен чыгып чуу көтөргөн.
Жеке батирди сатып алууга Улуттук банктан акча алуу аракети жөнүндө болгон
чуулгандуу окуя. «Керемет-банктын» айланасындагы чуулгандуу окуялар. Сабаттуу
финансы адистерин айланасынан жок кылуу. Абдыгуловдун криминалдуу финтехти ачык
колдоосу жана легалдуу финтехке каршы чыгуусу.

«Каардуу тилдер» бул бекер жерден эмес. Бизге Абдыгуловдун
мотивдери белгисиз, ушактарга комментарий бербейбиз, муну атайын окуган адамдар
жана кызматтар аныкташсын. «Каардуу тилдер» калп-чынды койгулаштырат, бала
алтын болчу, азыр алтын жалатылган жана жалатылган алтын андан тездик менен
кетип баратат. Бул боюнча бизде эч кандай маалымат жок.

Биринчи бөлүмдү аяктап жатып, Кыргызстандын бардык
жашоочуларын бай жана бактылуу болуусун каалайбыз!

                              (уландысы бар).

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь