-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Amnesty: талибдер хазарларды өлтүргөн  

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Amnesty International адам укугун коргоо уюму Ооганстандын борбордук бөлүгүндө жашаган хазар азчылыгынын тогуз өкүлүн талибдер кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн жарыялады.

Талибдер 4-6-июль күндөрү хазарлар жыш отурукташкан Газни провинциясынын Малистан аймагында өзүм билемдик менен өлүм жазаларын ишке ашырган учурлар катталганы белгилүү болду. Бул үрөй учурган зомбулук тууралуу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү укук коргоо уюмунун 19-августта жарыяланган баяндамасында берилди.

Газнидеги кагылышта тоого качкан хазарлар кайтып келгенде алардын үйлөрү өрттөлүп, мал-жаны таланып кеткенине күбө болгон. Качкан хазарлардын ичинен тогуз киши кайтып келе жатканда талибдердин буктурмасына кабылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү дайын болгон.

Укук коргоо уюмунун адистери алардын кандай жагдайда өлтүрүлгөнүн тастыктаган сүрөт далилдерине ээ болуп, аларды күбөлөрдүн айткандары менен кошо текшерип, иликтеп чыккан.

Талибдер 15-августта Кабул алынганда өздөрүн сыпайы жана сабырдуу көргөзгөнү менен, укук коргоочулардын айтымында, бул жырткычтык фактылары «Талибан» эски усулдардан баш тартпаганынын мисалы.

«Бул адам өлтүрүүлөр Ооганстанда талибдердин башкаруусунда этникалык жана диний азчылыктар мурдагыдай эле өзгөчө коркунучука дуушар болоруна түздөн түз далил болуп саналат», — деди Amnesty International уюмунун баш катчысы Агнес Калламард.

Ооганстанда калктын саны боюнча үчүнчү орунда турган түрк-монгол тектүү хазарлар коомчулугу исламдын шиит агымын карманат, фарс тилинде сүйлөйт.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь