Ырас, бир чындыкты айтып коюу керек. Тээ эгемендик алган жылдардан тарта аткаминер, депутат, чиновник дегендердин кылы кыйшайбай, кылмыш кылса да жоопкерчилик тууралуу түшүнүктөрү жок эмес беле. Акыркы жылдары мыйзамдын үстөмдүгү күч алып, бир топ үлкөндөрдүн үстүнөн кылмыш иштери козголуп, айрымдары абакка кирип, айрымдары айып пул төлөп, айтор «Кыргызстан мыйзамы сенин ким экениӊе карабайт, мыйзам алдында баары бирдей» позициясы турукташып келе жаткандай. Бирок, өлкөдөгү мындай өзгөрүүлөр оӊой менен ишке ашпасы белгилүү. Бир топтор буга ачык да, тымызын да каршылыгын көргөзүп жатышат. Өзгөчө чоӊ кызматта олтуруп чоӊ жеп, чоӊ ууртагандар. Алсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси, «айтылуу» Тойчубек Касымовдун кара чечекей күйɵ баласы Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголгону маалым. Бирок, Сарпашев азыр үй камагында. Кандай негиз, кандай жол менен абактан чыгып кеткени боюнча так маалымат билбейбиз. Бир билгенибиз, миллиондорду тɵлɵп үй камагына чыкты деп укканбыз. Сарпашевдин «кусуп» туруп эркиндикке чыкканына каршылыгыбыз жок, бирок, Тайыр мырза Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп олтургандагы Кыргызстандын жарандык паспортунан «УЛУТ» графасын жокко чыгарып салган чыккынчылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек!

Булак:Де-Факто