0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Мамин: Эмдөөнү кечеңдетүү, табияттын өзгөрүшү экономиканы артка тартат

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бүгүн, 20-августта Чолпон-Атада Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны кеңейтилген форматта уланууда.

Анда сөз сүйлөгөн Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасында 2021-жылы транзиттик каттамдар көбөйүп, Европа — Кытай багытындагы жүк ташуулар жанданганын айтты.

Анткен менен экономиканы кайра калыбына келтирүүдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн калкын коронавируска каршы эмдөө темпи жай болгону тоскоол болгон чоң фактор катары белгиледи.

«ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү эмдөөнүн ылдамдыгын бирдей ишке ашырбаса, экономиканын ирдениши мүмкүн эмес. Глобалдык деңгээлде азык-түлүктүн кымбаттоосу эң чоң кыйынчылыктардын бири болууда. Тамак-аштын баасынын дүйнөлүк индекси акыркы он жылдагы эң чоң рекорддук чекке жетти. Баанын өсүшү дүйнөдө экономика кайра жандана баштаганы жана климаттык катаал шарттарга түздөн-түз байланыштуу. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр экологиялык көйгөйлөр менен да күрөшүүсү керек», — деди Мамин.

Бүгүн өкмөт аралык кеңештин кеңейтилген отурумунда 20 чакты маселе талкууланып, жыйынтык документтерге кол коюлат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (BCh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь