Шайлоо башталды. Шайлоонун башталганын Атамбаевдин досу, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов Москва сапарынан кийин билдирүү жасап жарыялады. Ал “17-сентябрдан кийин “Саясий туткундарга жана Атамбаевге боштондук” деген мөөнөтсүз митингдерге чыгабыз” деди.

Юридикалык жактан Атамбаевдин шайлоого катышууга толук укугу бар. Анткени, ал али соттоло элек. Аны айыптаган бир да сот өкүмү чыга элек.

Маалыматтар боюнча, СДПКнын шайлоодогу ген.планына ылайык, тизмени Атамбаев жетектеп шайлоого катышышат. Бийликтин кетирип аткан айрым кемчиликтеринен улам Атамбаевдин жеке рейтинги жана КСДПнын рейтинги өсүп кетиши ыктымал. Эгер, Атамбаев өзү жетектеп, Абдраимов ж.б окшогон лидерлер колдосо, алар шайлоодон өтөөрү талашсыз.

Атамбаев түрмөдөн жөн эле эмес, Текебаев айтмакчы кол чабуулар менен, триумф менен чыгууну пландап жатат. Ал өзүнүн тагдырын сотторго эмес, “эл чечсин” деп элге бере турган болдубу? Кыскасы, Атамбаевдин түрмөдөн түз эле парламенттин жыйындар залына келээри бүгүн жүз пайыз реалдуу көрүнүп турган сыяктуу.

Ошентип, шайлоону Президент Садыр Жапаров жарыялай элек болсо дагы, Туйгуналы Абдраимов ушул билдирүүсү менен жарыялап койду.

Чындык