-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Акжол Махмудов спорттук формасын сатыкка койду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Токио-2020 олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды алган кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов өзүнүн таймашка кийип чыккан спорттук формасын аукционго койду.

Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына бала чагынан «Олимпиаданын алтын медалын жеңүүнү көксөп жүргөнүн, муктаж болгондорго жардам бергиси келерин, өз өлкөсүндө спорттун гана өнүгүшүнө эмес, элдин жыргалчылыгына салым кошууну кыялданарын» жазган.

Сатыкка койгон кызыл түстөгү трикосунун баштапкы баасы 50 АКШ доллары деп көрсөтүлдү.

Спортчу аукциондун жыйынтыгы август айынын соңунда чыгарын, андан түшкөн каражат толугу менен кайрымдуулукка жумшаларын кошумчалаган.

Токиодо өткөн Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда венгриялык Тамас Лоринцке жеңилип (1:2), күмүш медалдын ээси болгон. (MZh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь