-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Марипов ЕАЭБдин жыйынында Ооганстандагы окуялардын кооптуулугун эскертти

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Ооганстандагы акыркы окуялардын тездик менен өнүгүүсүн аймактык коопсуздукка коркунуч катары эскертти.

Бүгүн, 19-августта Чолпон-Атада башталган жыйында Марипов буларга токтолду:

«Болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна белгилүү таасирин тийгизиши шексиз. Ошондой эле, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын катарында ЕАЭБ мамлекеттеринде табият кырсыктары көбөйүүдө. COVID-19га байланыштуу кырдаал, эмдөө, ооругандардын саны убактылуу басаңдаганына карабай кооптуу кырдаал сакталууда. Бул көйгөйлөргө каршы бирге туруп, жаңы чакырыктарды жеңип чыга аларыбызга ишенем», — деди ал.

Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында кабыл алынган чечимдер Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялашууга мыкты түрткү берерине ишенерин билдирди.

19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтүүдө.


Жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун өкмөт башчысы Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат.

Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышмакчы. (BCh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь