-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Кыргыз-орус ишкерлеринин форумунда 13 документке кол коюлду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес-форумунда 13 келишим жана меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков журналисттерге билдирди.

Анын ичинде «Орусия экспорттоо борбору», Евразия өнүктүрүү банкы, «Росэксимбанк», Текстиль-Транс» жана башка ишканалар менен жетишилген келишимдер бар.

Новиков макулдашууларга ылайык, насыяны рубль менен каржылоо, пайыздык коюмдарды төмөндөтүү, насыяны кайтаруу мөөнөтүн узартуу жана башка жеңилдиктерге жетишилгенин кошумчалады.

«Росэксимбанк» менен келишимдин негизинде Орусия менен соода-сатыкты доллар менен катар эле рубль менен да жүргүзүү үчүн жаңы линия ачуу максат кылынууда. Биздин фонд «Орусиянын экспорт борбору» менен да келишим түздү. Документ бул борбордун айрым функцияларын Кыргызстанга берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», — деди Новиков.

Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес-форумунда ири ишканалардан тышкары жергиликтүү ишкерлер да өз ара түрдүү келишимдерди түзгөнү кабарланды.

Кыргыз-орус ишкерлеринин бизнес-форуму Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында болуп өттү. Ага эки тараптан ири ишканалардын жетекчилери, ишкерлер, расмий адамдар катышты.

Кыргызстан менен Орусия ЕАЭБге мүчө. (ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь