-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

ДСУ Кыргызстандагы эмдөөнүн жүрүшүнө кабатыр

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп жатканын 18-августтагы басма сөз жыйынында билдирди.

Ошондой эле өлкөдө апрель айында COVID-19 вирусунун альфа, бета варианттары табылганын кабарлады.

«ДСУнун максаты сентябрь айына чейин дүйнөдөгү ар бир өлкөдө калктын 10%, жыл соңуна чейин 40%, келерки жылы 70% эмдөө. Пандемияны бул максатты ишке ашыруу менен гана жеңе алабыз», — деди Артыкова.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Жалпы эмделгендер 900 миңден ашты.

Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V», COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө. (BCh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь