0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Уй эти кайра кымбаттоодо

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргызстанда уйдун эти кайрадан кымбатоодо. Бул тууралуу 17-августта Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эттин баасы жогорулаганы малды сыртка чыгарууга салынган тыюунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу болууда.

Март айында 430 сомдун тегерегинде сатылган уй этинин бир килограммынын баасы азыр 470тин тегерегинде болууда.

Ал эми койдун эти бир аз арзандаганы байкалууда.

Өкмөт сатыкка мал баккан фермерлерге 8-июлдан тартып экспортко кайрадан уруксат берген.

2020-жылдын күзүндө Кыргызстанда эт 550 сомго чейин кымбаттап кетип, өкмөт айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн, анын ичинде мал-жандыкты Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь