-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Токиодогу паралимпиадада Кыргызстандын желегин Арыстанбек Базаркулов көтөрөт

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 18-августта Кыргызстандын Паралимпиадалык курама командасын кабыл алды. Өкмөт башчысы спортчуларга ийгилик каалап, жаңы жеңиштерге жетишине тилектештигин айтты.

«Спорттогу натыйжалар менен сиздер бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө болорун далилдедиңиздер. Алдыда боло турган Паралимпиадалык оюндарда бүткүл кыргыз эли сиздерди колдойт».

Улукбек Марипов команданын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго өлкөнүн желегин тапшырды.

XVI Паралимпиадалык оюндар 24-августтан 5-сентябрга чейин Токиодо өтөт.

Паралимпиадалык оюндарга жолдомону Кыргызстандан эки спортчу утуп алган. Алар: пара-жеңил атлетика (ок атуу) боюнча Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта күрөшүүчү Хайитхон Хусан кызы.

Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык спортчулар эки күмүш жана бир коло медалга жетишкен.(ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь