-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

«Талибан» Ооганстанда аялдар укугу «ислам алкагында» урматталарын билдирди

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Ооганстанда бийликти өз колуна алганын жарыялаган “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү бул өлкөдө аялдардын укугу сакталышын камсыздай турганын, талибдерге каршы иштеп келгендерге мунапыс берилерин, Ооганстанды террордук чабуулдар аянты катары пайдаланууга жол берилбесин 17-августта Кабулда өткөн пресс-конференцияда билдиришти.

Кыймылдын өкүлү Забиулла Мужахид алар башка өлкөлөр менен тынчтык мамиледе болууга, аялдарга «ислам алкагында» билим алып, иштөөсүнө шарт түзүүгө умтуларын айтты. “Бизге ички да, тышкы да душмандар кереги” жок деди ал.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь