-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Салык кызматы унаа, турак жай, жер салыгын төлөөгө чакырды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Салык кызматы унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү эки жумадан кийин бүтөрүн эскертти. Андыктан 1-2-сентябрга чейин менчик ээлерин салык төлөөгө чакырат.

«Салык төлөө үчүн дагы эки жума бар. Салык кызматы жарандардын убактыларын банктардын кассаларында кезек күтүүдөн коротпостон, алдын-ала, тынч жана ашыкча кыжалат болбостон убагында төлөөгө чакырат», — деди Салык кызматы.

Салыкты бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат. (МТа)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь