-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Мэрлик кызматка Бишкек менен Ошто бирден, Токмокто эки талапкер катталды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргызстанда ири үч шаарда мэрликке талапкерлерден документ кабыл алуу мөөнөтү бүгүн 18-августта кечки саат алтыда аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Бишкекте жана Ошто бирден гана талапкер чыкты. Алар – азыр мэрдин милдетин аткарып жаткан Айбек Жунушалиев менен Алмаз Мамбетов.

Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинети жана шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы, ал эми Мамбетовду шаардык кеңештеги «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөттү.

Токмокто мэр болуу ниетин Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев жана Азат Кубатбек уулу билдиришти.

Самаевди шаардык кеңештеги көпчүлүк, ал эми Кубатбек уулун азчылык коалициясы көрсөтүштү.

Аталган үч шаарда жергиликтүү кеңеш быйыл 11-июлда жаңы шайланган. Депутаттар мэрлерди 26-августта шайлашат. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь