Бийликте тажрыйбалуу кадрлар жетишсиз болуп, аксап турганы жашыруун эмес. Куру популисттердин баары эле жүк көтөрө албасына көзүбүз жетип калды. Мындай шартта ишбилги адистер бийликтин жогорку бутактарына жетишпей атканы байкалат. Айрым серепчилердин баамында, мурдагы Губернатор Марат Мураталиевдин билимин, тажрыйбасын пайдаланууга мезгил келгенине баа берилүүдө. Марат мырза менен иштешип, аралашып жүргөн инсандар анын адамгерчилигин, чечкиндүүлүгүн алкап жатышат. Кризис-менеджер катары учурдагы кадрдык таңкыстыкты жеңүүгө, экономикалык абалыбызды жөнгө салууга жардам берет беле?