-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Илбирсти коргоого арналган марафонго даярдык башталды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргызстандагы илбирстерди коргоого жана сактоого арналган кезектеги эл аралык жарым марафонго даярдык башталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна иш-чараны уюштуруп жаткан Nomad Sport компаниясы билдирди.

“Үлгү бол!” деген ураан менен уюштурулган жарыш 26-сентябрда Бишкектин көчөлөрүндө өтөт, жалпысынан 70 байге даярдалууда.

Компаниянын өкүлү Айгерим Абакированын айтымында, 2019-жылы өткөн алгачкы марафондон түшкөн акчага жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүп туруу үчүн 32 фото жабдык сатылып алынган:

“Биринчи максат – адамдарды чуркоого, дени сак болууга чакыруу. Экинчи жана башкы максат – марафондон түшкөн акчага бул жолу илбирсти коргоо менен алектенген “Ысык-Көл” биосфералык территориясынын дирекциясы үчүн эки “Нива” автомашинасын сатып берүү. Автоунаанын бул түрү жетүүгө оор болгон жерлерге айдап барганга ыңгайлуу”.

Жарышка катышууну каалагандар өзүнө 21, 14, 5 жана 1 чакырымдык дистанциянын арасынан каалаганын тандап алса болот. 100, 200 жана 500 метрлик аралыктагы жарышка 3-10 жаштагы балдар да катыша алат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аскар тоолорду мекендеген 330дай илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айып пул каралган. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь