0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Өзбекстандын муфтийи коронавирустан каза болгону ырасталды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Өзбекстандын муфтийи Усманхан Алимов Москвадагы ооруканада коронавирустан көз жумганын «Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып жазды.

Көз жумганга чейин Алимов бир нече күн комада болгон. Июль айында муфтийдин саламаттыгы начарлаганы тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы мындай имиштерге негиз жок экенин билдирген.

Ооруканага жатардын алдында Усманхан Алимов президент Шавкат Мирзиёевдин шайлоо кампаниясына катышып жүргөн. Ал аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Бул иш-чаралар өлкөдө коронавирус чектөөлөрү күчүндө турганда өткөн. Алимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-августта Самарканд облусунда өттү. Ошол эле күнү президент жана өкмөт башчы Абдулла Арипов маркумдун үйүнө барып, жакындарына көңүл айтышты.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь