-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Чүй-Ысык-Көл жолундагы кыймыл убактылуу чектелет 

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

19-21-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларынын жыйынына байланыштуу Чүй-Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарындагы жолдорго чектөө киргизилет.

Бул тууралуу Жол коопсуздугунун кыймылын камсыз кылуу башкы башкармалыгы маалымдады.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, коопсуздукту камсыздоо максатында Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки, андан сырткары Чолпон-Ата шаары боюнча жолдордо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө коюлат.

19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстандын өкмөт башчылары катышат. (TSh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь