-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

«Талибан» кыймылы Кабулду басып алгандан кийинки алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда кыймылдын өкүлдөрү башка террордук уюмдарга Ооганстанды колдонууга жол бербей турганын жана АКШ баштаган эл аралык күчтөргө иштеген оогандыктардан өч албастыгын билдиришти.

Уюмдун маалымат катчысы Забиулла Мужахид басма сөз жыйында аларга тышкы жана ички душмандар кереги жок экенин, аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын айтты.

Жаңы өкмөт тууралуу суроого жооп берип жатып, талибдер мурдагы президент Хамид Карзай, «Хизб-и-Ислами» куралдуу тобунун башчысы Ульбудин Хекматияр жана Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен тыгыз байланышта болуп, өкмөт түзүүнүн үстүндө иштеп жатышканын маалымдады.

Анын айтымында «Талибан» ислам баалуулуктарын жогору койгон инклюзивдик өкмөттүн түзүлүшүн көздөйт.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь