-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Москва облусунда учак кырсыгынан үч адам каза болду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Москва облусунда аскердик-транспорттук учак кырсыктап, ичиндеги экипаждын үч мүчөсү тең каза болду. Алардын башында эмгек сиңирген учукуч, Орусиянын баатыры Николай Куимов турган. Бул тууралуу Орусиянын бириккен авиакурулуш корпорациясы билдирди.

Күбөлөр тарткан видеодо учак аэродромго жакындап келатканда оң тарабы күйүп жатканын көрүүгө болот. Андан соң ал тең салмактуулугун жоготуп, токойго кулап түшкөн.

Ушул тапта учак түшкөн жерде куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат.

Ил-112В – Орусияда баштан аяк чогултулган алгачкы аскердик-транспорттук учак. Кырсыктаган учак Москва облусунда өтө турган «Армия-2021» эл аралык аскердик-техникалык форумда көрсөтүлмөк.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь