-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Токтогул суу сактагычында 11, 948 млрд. куб метр суу бар

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

16-августка карата өлкөнүн башкы суу чөйчөгүндө чогулган суунун көлөмү 11 млрд. 948 млн. куб метрге жетти. «Электр станциялары» ишканасынын маалыматына караганда, ушул тапта суу сактагычка секундасына 461 куб метр суу агып кирип, кайра 357 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр августта суу сактагычта 14,5 млрд. чукул суу топтолгон.

Быйыл март айынын аягында «Токтогулда» суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлдү.

Келишим президент Садыр Жапаровдун июндагы Ашхабадга жасаган расмий сапары учурунда жетишилген. Ошондой эле Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. (ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь