Ооган президенти Ашраф Гани “кан төгүлүшүн алдын алуу үчүн” өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Ал бир аз мурда “Фейсбукка” өз кайрылуусун жарыялап, бүгүн оор чечимди кабыл алууга туура келгенин белгиледи.

Ал эгерде Кабулда кала берсе, “көп адам мерт болуп, баш калаа кыйроого учурамак” деп айтты.

“Талибдер кылычынын жана мылтыгынын өкүмү менен жеңип чыкты. Эми алар мекендештеринин намысы, мүлкү жана коопсуздугу үчүн жооптуу”, – деп жазды Гани.

Буга чейин Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла президент өлкөдөн чыгып кеткенин ырастап, анын кадамын сынга алган.

“Ал оор кырдаалда Ооганстандан чыгып кетти. Кудай өзү жоопко тартсын. Эл өзү баа берсин”, – деп билдирген Абдулла.