-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

«Талибан» Кабулду курчоого алды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

«Талибан» кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду курчоого алды. Анын алдында талибдер өлкө чыгышындагы ири Жалалабад шаарын ээлеген. АКШ Кабулдагы дипломаттарын эвакуациялап жатат.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын алгачкы провинциясынын борборун басып алгандан тогуз күн өтүп-өтпөй баш калаа Кабулга жетип келди. Ооган өкмөтүнүн атын атагысы келбеген өкүлдөрү «Associated Press» жаңылыктар агенттигине билдиришкендей, талибдер учурда Кабулдун Калакан, Карабаз жана Пагхман райондорунда жүрүшөт.

Бирок «Талибан» кыймылы Кабулду «күч менен» албай турганын билдирди. Кыймылдын өкүлү талибдер ооган баш калаасына сүйлөшүүлөр аркылуу, тынч жол менен кире турганын кабарлады.

«Ислам эмирлиги бардык күчтөрүнө Кабулдун дарбазасынын алдында токтоп турууну, шаарга кирбөөгө аракет кылууну тапшырат», — деп жазды «Твиттерге» «Талибан» кыймылынын өкүлү.

Ооган президентинин басма сөз кызматы Кабулдун айланасындагы бир нече аймакта ок атышуу болуп жатканын, коопсуздук күчтөрү эл аралык өнөктөштөр менен бирге шаарды көзөмөлдөп турганын билдирди.

«Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Кабул коопсуз!», — деп жазды «Твиттерге» президент Ашраф Ганинин аппаратынын башчысы Матин Бек.

Ооганстандын Жалалабад шаарындагы талибдер, 15-август 2021-жыл.

Ооганстандын Жалалабад шаарындагы талибдер, 15-август 2021-жыл.

Деген менен жергиликтүү тургундар Кабулдун четиндеги конуштарда талибдерди көргөнүн айтып жатышат. Ооганстандын ички иштер министри Абдул Сатар Мирзаквай видео кайрылуусунда Кабул өткөөл өкмөткө өткөрүлүп берилиши мүмкүндүгүн белгиледи.

Байден өз чечимин коргоду

15-августта Кошмо Штаттар Ооганстандагы дипломаттарын чыгарып кете баштады. Бир күн мурда АКШ президенти Жо Байден Кабулга кошумча 1 миң аскер жөнөтүү чечимин кабыл алган. 12-августта да америкалык аскерлердин Ооганстандан «ыраттуу жана коопсуз» шартта чыгып кетишин камсыз кылуу максатында кошумча 3 миң жоокерди жөнөтүлөрү белгилүү болгон. Бул аскерлер Кабулдагы дипломаттарды кайтарып жаткан 650 миңдей жоокерге кошулмакчы.

Байден Кабулга кошумча аскерлер убактылуу жөнөтүлөрүн жарыялаган билдирүүсүндө АКШнын өз күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кетүү чечимин коргоду.

«Биздин өлкө Ооганстандагы согушка сарптаган 20 жылында Америка эң мыкты улан-кыздарын ал жакка жөнөттү. 1 триллион доллардан ашык каражат салды. 300 миңдей ооган аскерин жана полиция кызматкерлерин машыктырып, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдыды», — деди Байден.

Ал АКШнын Ооганстандагы миссиясын узартууга каршы экенин кошумчалады.

«Дагы бир жыл болобу, же беш жыл болобосу, эгер ооган армиясы өз өлкөсүн кармап тура албаса же кармабай турган болсо, АКШнын ал жакта болгону эч өзгөрүү жасайт албайт. Американын башка өлкөдөгү жарандык согуштун чордонунда түбөлүккө кала бериши мен үчүн кабыл алынгыс», — деди АКШ президенти Байден.

«Талибандын» дүбүртү

АКШ баштаган эл аралык коалиция Ооганстандагы күчтөрүн 1-майдан тарта чыгарып кете баштаган. Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны 11-сентябрда аяктай турганы кабарланган. Бирок америкалык акыркы аскерлер ушул айдын аягында эле Ооганстандан толук чыгып кеткени жатат.

Аскерлерди чыгарып кетүү жараяны башталгандан бери талибдер Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулдарын күчөтүп, июнь-июль айларында бир топ ооган райондорун, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш аймактарды басып алган.

Алар 6-августта Ооганстандагы алгачкы провинциянын борбор шаарын ээлешкен. Андан бери аймак борборлору четинен талибдердин колуна өтө баштады. Айрым шаарларды жоочулар эч каршылыксыз ээлеп алганы кабарланды.

Газни шаарында талибдерге багынып берген ооган аскерлери, 13-август 2021-жыл.

Газни шаарында талибдерге багынып берген ооган аскерлери, 13-август 2021-жыл.

15-августта «Талибан» кыймылы өлкө чыгышындагы ири Жалал-Абад шаарына көзөмөлүн орнотту. Андан 24 саатка жетпеген убакыт мурда талибдер түндүктөгү эң ири Мазари-Шариф шаарын ээлеген. 14-августта эле ооган президенти Ашраф Гани бул шаарга келип, өкмөттүк күчтөрдү шыктандырууга аракет кылган.

Мазари-Шариф талибдердин колуна өткөндөн кийин бул аймактагы өзбек тектүү ооган жарандарынын таасирдүү кол башчысы Абдул Рашид Дустум Өзбекстандын Термез шаарына кире качканы кабарланды. Термез шаары өзбек-ооган чек арасынан 10 чакырым аралыкта жайгашкан.

Чоң шаарлардын кулашы менен Ооганстандын баш калаасы Кабул өкмөттүн көзөмөлүндөгү жалгыз ири шаар болуп калды.

Коңшу өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөр

15-августта Өзбекстандын өкмөтү чек арадан өтүп келген 84 ооган аскери кармалганын билдирди. Өзбек Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, качкын жоокерлерге тамак-аш берилип, медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда өзбек өкмөтү аскерлерди артка кайтаруу тууралуу Кабул өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.

Ал арада коңшу Пакистан Ооганстан менен чек арасындагы Торхам өткөрмө бекетин жапты. Чек аранын бул аймагы талибдердин колуна өткөн.

Пакистандын ички иштер министри Шейх Рашид Ахмад бул чечим чек аранын экинчи тарабындагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын айтты. Ал чек ара ооган полициясы талибдерге багынып бергенден кийин жабылганын кошумчалады.

Пакистандын бийлиги буга чейин эле жаңы ооган качкындарын кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирген.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь