-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Маршал Дустум Өзбекстандын Термез шаарына качты

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Ооганстандык маршал Абдул Рашид Дустум Өзбекстандын Термез шаарына барды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жергиликтүү Хамид аттуу журналистке таянып жазды.

Термез шаары өзбек-ооган чек арасынан 10 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жергиликтүү журналисттин айтымында, Дустумдун колу Мазари-Шариф шаарын талибдер алгандан кийин өзбек-ооган чегиндеги Аму дарыядагы Достук көпүрөсү аркылуу жекшембиге караган түнү Өзбекстанга киргизилген. Муну өзбек бийлиги азырынча расмий тастыктай элек.

Кечээ Мазари-Шариф шаары жайгашкан Балх провинциясынын губернатору, тажик диоспорасынын лидери Атта Мухаммад Нур «Твиттердеги» баракчасы аркылуу маршал Дустум менен коопсуз жерде экенин жазган.

Ал ооган өкмөттүк күчтөрү Мазари-Шариф шаарын согушсуз талибдерге бергенин жазып, маршал Дустум экөөнү талибдерге кармап берүү үчүн кутум уюштурулганын айткан.

Талибдер экинчи жолу чоң жоготуусуз Мазари-Шариф шаарын алды. Кыймыл биринчи жолу шаарды 1998-жылы алып, 2001-жылга чейин башкарышкан. Анда дагы шаарды коргоону Абдул Рашид Дустум жетектеген. 1998-жылы Дустум Өзбекстанга качып кирүүгө аракет кылган, бирок ошол кездеги президент Ислам Каримовдун буйругу менен Өзбекстанга киргизилген эмес. Дустум Түркияга качууга аргасыз болгон.

Дустум этникалык өзбек. Ал Ооганстандагы өзбек коомунун лидери. 4-августта Түркиядагы узак мөөнөттүү дарылануудан кийин Ооганстанга кайтып келген.

Маршал Ооганстандын саясий лидерлерин талибдерге каршы биригүүгө чакырып, сүйлөшүүнүн ордуна алардын коркунучун күч менен жок кылууга чакырып келген. (МТа)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь