-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Орусия калайман мушташка катышкан 26 кыргызстандыкты депортациялады

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Орусиянын Москва шаарындагы Кузьминки районундагы калайман мушташка катышкан 26 кыргызстандык депортация болду. Бул тууралуу Орусиянын Vesti.ru басылмасы жазды.

“Кечээ колуна кишен салынган чет элдиктердин тобу Кыргызстанга депортацияланды. Аларга Орусияга 40 жылга чейин кирүүгө тыюу салынган”, — дейт аталган басылма.

Июль айында Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев Москвада кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан улам «бейбаштык» беренеси менен иш козголгонун билдирген.

Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Аларга каршы үч тажик жараны полицияга арыз жазган. (МТа)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь