-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Бир суткада 19 миңден ашуун адам вакцина алды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Корутунду

«Азаттык» радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, ишемби, 14-августка карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 14-августтагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча алты киши каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2439 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 520 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган жалпы саны 171 758 адамга жетти.

Бир күндө 646 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2 216 адам жатат, дагы 3 591 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 162 104 киши.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 20 медициналык кызматкер катталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6670 учур катталды. Жалпысынан республика боюнча – 6257 медициналык кызматкер айыкты.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

Кыргызстанда бир суткада 19 миң адам коронавируска каршы вакцина алды. Жалпы вакцина алгандардын саны 839 миңден ашты. Алардын 255 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Бул 14-август саат 13:00гө карата маалымат.

Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда.

Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V препараттары колдонулууда.

Вакцина 18 жаштан өткөн жарандарга эки дозада акысыз сайылат. Аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Коронавируска каршы ыкчам штаб 12-августта эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшүн талкуулады. Бишкек шаарында эмдөө темпи начар болуп жатканы айтылып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова борбор калаанын ар бир району боюнча анализ жүргүзүлөрүн, жыйынтыгына жараша тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине калкты каттоо борборлорунда, почта бөлүмдөрүндө кошумча эмдөө бекеттерин ачууга тапшырма берилди.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алышы керек болгондор боюнча көрсөткүч 13-августтагы маалымат боюнча 35 процентке жетти.

2020-жылдын мартынан бери өлкөдө расмий эсепте 170 миңден ашуун кишиге коронавирус жугуп, алардын 2,5 миңдейи көз жумду.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан жети адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2433 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 468 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (262) жана Чүй облусунда (72).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 171 238 адамга жетти.

Бир күндө 646 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2283 адам жатат, дагы 3668 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавируска каршы ыкчам штаб 12-августта эмдөө өнөктүгүнүн жүрүшүн талкуулады. Өкмөттүн маалыматына караганда, жыйында Бишкек шаарында эмдөө темпи начар болуп жатканы айтылып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова борбор калаанын ар бир району боюнча анализ жүргүзүлөрүн, жыйынтыгына жараша тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөрүн эскертти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине калкты каттоо борборлорунда, почта бөлүмдөрүндө кошумча эмдөө бекеттерин ачуу тууралуу тапшырма берилди.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алышы керек болгондор боюнча көрсөткүч 12-августка карата 32 процентке жетти, эмделгендердин жалпы саны 781 миңден ашты.

Эмдөөдөн өткөн 781 миң адамдын 217 миңи вакцинанын эки дозасын тең алгандар.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки курактагылардан жана тыштагы эмгек мигранттарынан башкалардын баары кирген. 3,4 миллиондун 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 проценти эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоого бюджеттен 2 миң сомдон 38 миң сомго чейинки акча сарпталууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева “Азаттыкка” 12-августта билдиргендей, бул дары-дармек жана анализге кеткен гана каражат.

“Бир бейтаптын дарылануу курсуна кеткен акча. Дары-дармегине, анализдерине гана. Бир курс орточо 10 күн түзүүдө”.

Оорусу жеңил бейтаптарга бир курс үчүн кеткен акча 1951 сом, абалы ортолорго 4670 сом, абалы оорлорго 18 329 сом жана абалы өтө оор бейтаптарга 37 843 сом коротулууда. Мындай сумма алты оорукананын мисалында эсептелип чыкканы айтылды. Жалпысынан коронавируска чалдыккан бейтаптар 80ге чукул ооруканада дарыланууда.

Бюджет эл төккөн салыктан куралат. Өкмөт коронавирусту алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүүнү сунуш кылууда. Вакцинанын бир нече түрүн бекер алуу шарты бардык аймактарда түзүлгөн.

Дагы жүктөңүз

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь