-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Түркиядагы сел 17 кишинин өмүрүн алды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Апта башынан бери көнөктөп жааган жамгыр Түркиянын Карадеңиз аймагында катуу селдин жүрүшүнө себеп болду. Аймактагы төрт облустун тургундары эвакуацияланганы, 17 киши көз жумганы жана 48 киши оор абалда ооруканада жатканын президент Режеп Тайып Эрдоган Твиттерден кабарлады.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөгөн жамгыр дем алышка жейин уланарын билдирди.

Түркиянын түндүгүн сел каптаса, түштүгүндөгү токой өрттөрү токтой элек. Бурдур аймагындагы токойдо чыккан өрт кыска мөөнөттө айылдарга жеткен. Өрттү тик учактар өчүрүп жатканы белгилүү болду.

Түркиянын Токой жана айыл чарба министри Бекир Пакдемирли 28-июлдан бери 53 провинцияда 275 токойда жана 219 айылда өрт чыкканын баса белгилеп, «Бүткүл дүйнө сыяктуу эле биз да климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин башыбыздан өткөрүп жатабыз. Биз глобалдык жылуулуктун коркунучун эске алуу менен өрткө каршы иш пландарыбызды жаңылап жатабыз» деди.

Тилсиз жоо Түркиянын гана эмес, ага коңшу Грекиядагы токойлорду да жалмады. 8-августта Грекиянын экинчи чоң аралы Эвиядагы өрт миңдеген гектар карагайлуу токойду күлгө айлантып, үйлөрдү жексен кылды. (ElB)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь