0.1 C
Бишкек
Среда, 19 января, 2022

Түркиядагы демократиянын өзөгү элдик шайлоодо

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Стамбул шаары — дүйнөдөгү эң чоң, эл көп жашаган он шаардын катарына кирет.

Учурда расмий каттоодо турган 16 млн. эли болсо, каттоодо турбаган жана кыска мөөнөткө кирип чыккан адамдарды эсептегенде 20 миллиондон кыйла ашканын айтылат. .

Түркия жарандарынын ар бир бешинчиси Стамбулда жашайт. 1960-70-жылдарда Стамбулда 1,5 миллион эле киши жашаган экен. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын жарымынан баштап Түркиянын башка аймактарынан, чет өлкөлөрдөн жакшы жашоо, жумуш издеп келип отурукташкандардын саны тездик менен өстү.

Элүү жыл аралыгында элдин саны он эсе көбөйгөн. Мындай жагдай Стамбулдун экономикалык жактан абдан ыңгайлуу жерде жайгашкандыгынан улам деп айтышат.

Стамбулдун ички түзүлүшү 39 муниципалдык районго (Илче, Беледийе) бөлүнөт. Башкача айтканда, Бишкек менен Ош шаарындай болгон 39 шаар биригип, Стамбул шаарын түзөт десек болот. Алардын 25и Европа тарабында жайгашса, ал эми 14ү Азия ыптасында орун алган. Ортосунан Босфор кысыгы бөлүп турат. Шаардын узундугу 150 км түзөт.

2021-жылга карата бюджетинин көлөмү 28,9 млрд. лира (3,4 млрд. долл), башкача айтканда, Кыргызстандын жалпы бюджетинен эки эсеге көптүк кылат.

Стамбул шаарынын мэрин шаардыктар түз шайлайт. Шаардык кеңешинде 311 депутаты бар, аларды дагы партиялык тизме менен эл шайлайт. Стамбул шаарынын мэри бир эле учурда шаардык Кеңештин (Межилис) да төрагасы болуп эсептелет.

Андан тышкары Стамбул шаарынын курамын түзгөн 39 шаардын (Беледийе) шаар мэрлерин жана депутаттары эл тарабынан шайланат. Ар бир шаар айыл аймактарга бөлүнөт (махалле). Ал аймактардын башчылары — Мухтарларды (биздеги айыл өкмөт башчысы сыяктуу) эл түз шайлайт.

Ошентип, стамбулдуктар өздөрүнө тиешелүү жетекчилердин баарын түздөн-түз өздөрү шайлашат. Түркияда шайлоо процессине жана шайлоонун жыйынтыктарына ишеним чоң.

Биздегидей эсептөөчү электрондук урналарда эмес, шайлоо комиссиясы тарабынан «колго» эле санашат. Бирок саясий партиялар көп жылдап калыптангандыктан, алар тарабынан көзөмөл абдан күчтүү.

Түркиянын президенти — Тайип Эрдоганды оппоненттери «бийликти бир колго топтоду» деп сындашканы менен, бүгүнкү күндө Түркиянын эң чоң төрт шаарынын (Стамбул, Анкара, Измир, Анталья) мэрлери оппозициялык партиялардын өкүлдөрү.

Мындай жагдайды Орусия же Борбор Азия мамлекеттеринде элестетүү азырынча мүмкүн эмес го?

Бүгүнкү күндө Стамбул шаарынын мэри — Экрем Имамоглу учурдагы бийликке келишкис оппозициянын өкүлү. Бирок стамбулдуктар шаардын мэри кылып оппозициянын өкүлүн шайлаганы менен шаардык кеңештин (Межилис) депутаттарынын көпчүлүгүн учурда бийликте турган Ак партиянын өкүлдөрү түзөт.

Демек, шаар мэринин ар бир иши, каражаттардын чыгымдалышы депутаттардын тыкыр көзөмөлүндө десек болот. Бул жагынан стамбулдуктар акылдуулук кылгандай.

Түркияда шаарлардын жана муниципалдык райондордун киреше булактары жергиликтүү салыктардан жана аларга таандык ишканалардан түшкөн каражаттардан чогулат. Андан тышкары, борбордук бийлик ар бир шаарга элинин санына жараша кошумча каражат бөлүп берет.

Мисалы, Стамбулдун 39 муниципалдык районунун ичинен калк көп жашаган Эсенюрт муниципалдык районунун 2021-жылга карата бюджети 852 млн. лираны (бизче 8,5 млрд. сом) түзөт. Тургундардын саны 1 миллионго чукулдады. Бирок, бул каражаттар жергиликтүү маанидеги маселелер үчүн гана жумшалат.

Мисалы, көрктөндүрүү-жашылдандыруу, элдин эс алуусу үчүн парк, аттракцион, бассейн ж.б. уюштуруу, ички жолдор, тротуарларды кармоо, кечки жарыктандыруу, акыр-чикир калдыктарын жыйнап кетүү ж.б. муниципалитеттин милдетиндеги гана иштерге жумшалат.

Ал эми билим берүү, саламаттык сактоо, полиция ж.б сыяктуу иштердин баарын борбордук бийлик б.а. мамлекет өз моюнуна алган жана аны Каймакамлыктар (бизче Акимият) жана министрликтер аркылуу чечет.

Кыскасы, Түркияда борбордук бийлик менен муниципалитеттердин укук-милдеттери так ажыратылган. Бири-биринин ишин кайталаган же болбосо бир маселеге кайсы орган жоопту экени так бөлүштүрүлгөн. Мындай жагдай албетте, биринчи кезекте карапайым жарандар үчүн өтө ыңгайлуу. Анткени кайсы маселе менен кайсы органга барыш керек экенин, ал жерден ары-бери түртмөнчүк болбой маселеси чечилерин билишет.

Бакыт Рыспаев, Стамбул

P.S. Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь