-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Токтогул суу сактагычында 11,922 млрд. куб метр суу бар

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

12-августка карата «Токтогул» суу сактагычында чогулган суунун көлөмү 11,922 млрд. куб метрге жетти.

«Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда учурда агып кирген суунун көлөмү секундасына 482 куб метрди түзсө, секундасына кайра 436 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр 12-августта суу сактагычта 14,4 млрд. куб метр суу болгон.

Март айынын аягында «Токтогулда» суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Аталган суу сактагычка 19,5 миллиард куб метрге чейин суу батат.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.(ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь