Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 7 миң 798 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1276, Алматы шаарында – 1507, Шымкент шаарында – 532, Акмоло облусунда – 278, Актөбе облусунда – 416, Алматы облусунда – 300, Атырау облусунда – 470, Чыгыш-Казакстан облусунда – 259, Жамбыл облусунда – 145, Батыш-Казакстан облусунда – 161, Караганда облусунда – 1144, Костанай облусунда – 271, Кызылорда облусунда – 219, Мангистау облусунда – 213, Павлодар облусунда – 329, Түндүк-Казакстан облусунда – 170, Түркстан облусунда – 108 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 672 миң 322 адам коронавирус жуктурган.