-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Адвокат: Атамбаевдин ден соолугу боюнча экспертиза создугуп жатат

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сот иштери анын ден соолугуна байланыштуу дайындалган соттук-медициналык экспертизанын айынан төрт айдан бери токтоп турат. Бул тууралуу 13-августта “Азаттык” радиосуна адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча, экспертиза бир ай ичинде жыйынтыкталышы керек болчу:

«Менимче, Саламаттык сактоо министрлиги жана анын эксперттери өзүнө жоопкерчилик алып, “ооруп жатат” деп же “ооруган жок” деп айта албай жатат. Эки жума мурда ошол эксперттер “бизге айрым документтерди бергиле” деп кайра соттун өзүнө жүктөп койду жоопкерчиликти. А сот жасай албайт, ошентип, баарын №47 колониянын дарыгерлерине багыттап салды. Алар “ал биздин ыйгарым укуктарыбызга кирбейт” деген жообун айтып жатышат. Чындыгында корутундуну алар бере албайт, алардын ыйгарым укуктарына кирбейт. Аны Саламаттык сактоо министрлиги жасашы керек».

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги адвокаттын айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Адвокаттары Атамбаевге омурткасынан операция жасалышы керектигин, жүрөгүн да дарылоо зарылдыгын, мындай медициналык жардамды ал колония шартында ала албайсын айтып келишет. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь