-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

ӨКМ: Дааратканадан куткарылган ымыркай кыздын абалы орточо

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Жалал-Абадда дааратканадан куткарылган ымыркай кыздын абалын дарыгерлер орточо деп баалап жатышат. Бул тууралуу 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Токтогул шаарында болду. Сарагүл көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салгандыгы туралуу маалымат түшкөн.

Кызды алып чыгуу учуру.

Кызды алып чыгуу учуру.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, ымыркайды алып чыгышкан жана ал дароо милиция менен медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Балалуу болгонун жашыруу максатында төрөгөн ымыркайын дааратканага таштап кетишкен учурлар буга чейин да катталган. Бишкекте ошентип ташталган кызды башкалар багып алгандан кийин өз энеси келип талашкан учур да болгону кабарланган. (RK)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь