-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Лукашенко АКШнын санкцияларына жооп кылды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Александр Лукашенконун авторитардык режими АКШнын соңку санкцияларына реакция жасады. Анда Вашингтондон 1-сентябрга чейин Минскидеги элчиликте иштеген америкалык дипломаттардын санын 5 адамга чейин кыскартууну талап кылды.

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Анатолий Глаз мекеменин расмий сайтына жарыяланган билдирүүсүндө, Минск 11-августта Жули Фишерди АКШнын Беларустагы элчилигине дайындоого макулдугун кайра чакыртып алганын маалымдады.

«Беларус АКШнын азыркы администрациясына ишенимди жоготкону үчүн биз Кошмо Штаттарынын бийлиги алып барган бардык жаңы долбоорлор жана гранттык программалар боюнча кызматташууну токтотобуз», — деди ал.

Глаз ошондой эле, Минск кошумча чараларды көрүшү ыктымал экенин кошумчалады.

Бул билдирүү АКШ, Канада, Улуу Британия жана Евробиримдик бирге Беларуска каршы санкцияларды бекиткенден кийин жарыяланды.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь