0.1 C
Бишкек
Четверг, 20 января, 2022

Кыйноолорго каршы улуттук борбор дарыгердин үстүнөн даттанды

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери абакта жатып кырсыктаган адамды карабай койгону үчүн Кыйноолорго каршы улуттук борбор Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кат жолдоду. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбаев «Азаттыкка» билдирди:

«Биз азырынча министрликке чара көрүүсүн өтүнүп, кат жолдодук. Кийинки кадамдарыбыз ал жактан берилген жоопко жараша болот. Дарыгерлер жазасын өтөп жаткан адамды карабай коюп, анын Конституциялык укугун бузушкан».

Маалыматка ылайык, 5-август күнү Молдовановкадагы абакта жазасын өтөп жаткан С.А. аттуу адам терезеге айнек салып жатып, кырсыкка кабылган. Көкүрөгүнөн жаракат алган кишини «Тез жардам» Бишкектеги Улуттук хирургия борборуна алып келген учурда дарыгерлер анын соттолгонун негиз кылып, кароодон баш тартышкан.

«Тез жардамдын» кызматкерлери бул боюнча акт түзүп, жарадар кишини Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборуна алып барышкан. Ал жерден оорулуунун жаратын тигип беришкен.

Учурда оорулуу №47 түзөтүү абагында медициналык жардам алып жатат.(ZKo)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь