Кыргызстанда акыркы суткада 24 миң 922 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 342 адам вакцинанын биринчи дозасын, 16 миң 580и – экинчи дозасын алган.

Өлкө боюнча жалпы 736 миң 218 адам эмдөөдөн өттү.