-4.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Евробиримдик Багдад — Минск авиакаттамынын токтотулушун кубаттады

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Евробиримдик Ирак Багдад — Минск аба каттамын токтоткондон кийин Балтика мамлекеттериндеги мигранттарга байланыштуу кырдаал жөнгө салынарына үмүттөнөрүн 10-августта билдирди.

Соңку апталарда Литва, Латвия жана Польша Беларус аркылуу өткөн мигранттардын агымына туш болууда. Алардын басымдуу бөлүгү ирактыктар. Шаркеттин расмий өкүлдөрү мигранттардын өтүшүнө Александр Лукашенко атайын жол берип жатканын айтышууда. Ал мындай кадамдар менен Беларуска каршы киргизилген экономикалык санкциялар үчүн Батыштан өч алууну көздөйт.

«Биз ирактык өнөктөштөрүбүздүн конструктивдүү позициясына жана реакциясына кубанычтабыз», — деди Еврокомиссиянын маалымат катчысы.

10-августта Литванын парламенти Беларус менен чек арасына мигранттардын агымына туруштук берүү үчүн темир дубал тургузуу маселесин талкууламак.

9-августта Польшанын чек ара кызматы билдирегендей, Беларус чек арасынан келе жаткан 300дөн ашык мыйзамсыз мигрант кармалган. Латвиянын Ички иштер министрлиги 218 мигрант кармалганын, алардын көбү ирактыктар экенин билдирди.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь