161

23-июлда Кеминдин жайлоосунан Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев, ЖК депутаты Бакыт Жетигенов жана Чүйдүн белдүү жигиттери жолугушканы каңкууланды. Күздөгү кырдаалды талкуулашып, жашыруун сүйлөшкөндөрүнө караганда, бир балээ катылып жаткан жокпу? Мындай тымызын аракеттердин аркасында Атамбаев турганы, көп иштерди Мусакеев аркалап баштаганы эмнени билдирет? Ал эми Жетигеновдун жетиштүү электораты бар экенин эске алсак, чүйлүктөрдү бийликке каршы буруп кетүүгө дарамети келеби? Айтор, соболдор көп.

Булак: Азияньюс гезити