-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Искра Райымкулова «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Искра Райымкулова «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилди.

85 жаш курагында дүйнөдөн кайткан актриса менен коштошуу зыйнаты 9-августта Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болду.

Искра Райымкулова 1937-жылы Кемин районунун Шабдан айылында туулган. Ал Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасында Жеңишбектин легендага айланган образын жаратып, улуттук театрдын тарыхына кирген.

Ал 1957-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик драма театрында жарым кылымдан ашуун эмгектенип, Алтынай («Биринчи мугалим»), Алиман («Саманчынын жолу»), Корделия («Король Лир»), Кей («Уурдалган өмүр»), Жульетта («Ромео менен Жульетта»), Амелия («Бернарда Альбанын үйү») сыяктуу ондогон образдарды жараткан. (MZh)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь