-7.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Жөө күлүк Тимановская Беларуста алган медалын аукционго койду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Польшадан башпаанек тапкан беларустук жөө күлүк Кристина Тимановская 2019-жылы Европа чемпионатынан алган күмүш медалын аукционго койду. Анын баштапкы баасы 5 миң АКШ долларынан башталат.

Европа оюндары 2019-жылы Минск шаарында өтүп, жөө күлүк Кристина Тимановская күмүш медаль алган болчу.

Медалды сатуудан түшкөн каражат Лукашенконун режимине каршы күрөшүп жаткан Беларустун спорттук тилектештик фондуна которула турганы айтылды.

24 жаштагы жөө күлүк Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал «Инстаграмдагы» баракчасынан Беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.

Мындан соң 1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракет кылып, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.

Андан соң беларус жөө күлүгү коопсуздугун камсыздоо үчүн чет өлкөлөрдүн биринен башпаанек сураган. Тимановскаяга Польша саясий башпаанек берип, гуманитардык виза менен ал Варшавага учуп келген.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь