-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Олимпиада: өзбекстандык мушкер Баходир Жалолов алтын медалга ээ болду

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарынын соңку күнү өзбекстандык мушкер Баходир Жалолов эң оор салмакта (+91кг) күч сынашып, алтын медаль алды.

Жалолов америкалык атаандашы Ричард Торрести 5:0 эсебинде утуп, жеңүүчү табылды.

Оор салмакта күч сынашып жүргөн 27 жаштагы спортчу Жалолов азыр дүйнөдөгү эң күчтүү 40 мушкердин катарына кирди.

Бул — өзбек спортчуларынын Токио Олимпиадасында алган үчүнчү алтын медалы. Жайкы Олимп оюндарынын биринчи алтынын Өзбекстанга таэквондочу Улугбек Рашитов, экинчи алтын медалды оор атлетчи Акбар Жураев алып берген.

Буга чейин өзбек командасы дагы эки коло медалга ээ болгон. Ушуну менен өзбек делегациясы Олимпиададагы оюндарын жыйынтыктады.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь