-2.9 C
Бишкек
Вторник, 25 января, 2022

Кербен шаардык кеңеши төртүнчү жолу мэр шайлай албады

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Бүгүн, 7-августта Кербен шаардык кеңеши төртүнчү жолу мэр шайлоого чогула албады. Кеңештеги 31 депутаттын 15и келип кворум жок болгондуктан шайлоо токтотулду.

Мэр шайлоо шаардык кеңештин күн тартибинде эртең мененки саат 9:00дан 12:00ге чейин деп белгиленген. Бирок отурумга көпчүлүк колицияны түзгөн «Ынтымак», «Ата-Журт Кыргызстан» партияларынын депутаттары келген жок.

Буга байланыштуу Кербен шаардык кеңеши таркатылары жана октябрь айына болжолдонуп жаткан парламенттик шайлоо менен кошо кайрадан шайлоо өтөрү айтылууда.

Буга чейин аталган шаардык кеңеш үч жолу мэрди шайлай алган эмес.

Кербен шаарынын мэрин шайлоо алгач 7-июнга белгиленип, бирок кворум жоктугунан өтпөй калган.

21-июндагы шайлоодо жалгыз талапкер Медет Айдаралиев талапкерлигин алып койгондуктан шайлоо токтогон.

5-июлдагы мэр шайлоодо Айбек Атамкулов талапкер болгон, бирок кворум жоктугунан шайлоо өткөн эмес.

Кербен шаардык кеңешинде 31 депутаттык орун бар.(TB)

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь