Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 7 миң 899 кишиден аныкталды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1493, Алматы шаарында – 1506, Шымкент шаарында – 538, Акмоло облусунда – 263, Актөбе облусунда – 407, Алматы облусунда – 350, Атырау облусунда – 366, Чыгыш-Казакстан облусунда – 308, Жамбыл облусунда – 190, Батыш-Казакстан облусунда – 170, Караганда облусунда – 1008, Костанай облусунда – 275, Кызылорда облусунда – 200, Мангистау облусунда – 240, Павлодар облусунда – 300, Түндүк-Казакстан облусунда – 155, Түркестан облусунда – 130 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 626 миң 412 адам коронавирус жуктурган.