Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен жүрөт.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө Марипов сел ташкындардан жабыркаган райондорго барат, Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы, ошондой эле бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышат.